Конструктивизм

Википедия дан

Конструктивизм (латынча consruction – курулуш) – биринчи дүйнөлүк согуштан кийин пайда болгон буржуазиялык көркөм искусство агымдарынын бири. К. теориясы көркөм искусствону көркөм искусство катары кабыл албайт, танат, аны «техникалык конструкциялар» менен алмаштырууга умтулат. К-дин негизинде техникалык фетишизациялоо жатат жана «техникалык буюм» түшүнүгү жылаңач абстракцияга айланып, практикада мазмундан ажыратылган «техникалык» формалардын предметсиз, маанисиз, иретсиз топтолушуна алып келет. Эгерде курулуш техникасынын жаңы жетишкендиктерин колдонуу менен архитектурада кээ бир рационалдуу (туура) элементтерди киргизсе, живописте К. өзүн предметсиз көркөм искусство деп атаган, эң четки формаларда көрсөтө алды жана станоктук көркөм искусствону дээрлик жок кылган, картон, жыгач, калай, темирден турган маанисиз «конструкцияларга» алып келди.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]