Конструкциялык материалдар

Википедия дан

Конструкциялык материалдар – констрлардын (машиналардын, курулуштун ж. б. техникалык объектилердин) күч келүүчү тетиктери даярдала турган материалдар. Ал материалдын сапатынын критерийине сырткы күчкө каршылык көрсөтүүсү – бекемдиги, илээшкектиги, чыдамдуулугу, катуулугу ж. б. кирет. Конструкциялык материалдар жалпы түрүнө жараша металл, металл эмес жана композициялык; техникалык иштелишине карата деформациялануучу, куюлма, желимделме, ширетилме; иштетилүү шартына карата төмөнкү температурада иштетилүүчү, ысыкка туруктуу, дат басууга, жешилүүгө, майга чыдамдуу ж. б. материалдарга бөлүнөт. Конструкциялык материалдардын көбү болоттон жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]