Контрасттуу заттар

Википедия дан
Ирригоскопия кош контрасттуулук (сульфат бария жана газ).

Контрасттуу заттар (рентген контрасттуу заттар) организмге киргенде рентген нурларын ткандарга караганда көбүрөөк же азыраак сиңирип, изилденүүчү органдын рентген сүрөтүн даана көрсөтүүчү түрдүү химиялык заттар. Бул заттарды көңдөй органдарга жиберип, алардын көлөмү, формасы, патологиялык өзгөрүүлөрү изилденет.

Рентген нурларын ткандардан азыраак сиңирүүчү «жеңил» контрасттуу заттар катары газ абалындагы заттар (аба, кычкылтек, азоттун чала кычкылы, көмүртек кош кычкылы) пайдаланылат. Алар пневмомиелография, пневмоартрография, пневмоэнцелография, пневмопиелография жана башка изилдөөлөрдө керектелет. Рентген нурларын көбүрөөк сиңирүүчү «оор» контрасттуу заттарга йод бирикмелери жана барий сульфаты кирет. Йоддуу органикалык бирикмелер — бронхография, ангиокардиография, урография, холецистография жана башкаларда, барий сульфаты ичеги-карынды рентгенологиялык изилдөөдө кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8