Контрдаярдык

Википедия дан

Контрдаярдык – коргонууда турган оперативдүү бирикменин душмандын алгачкы чабуулунун мизин кайтарып, үзгүлтүккө учуратуу же күчүн кетирүү үчүн колдонулуучу ыкмаларынын бири. Контрдаярдык ракеталык аскерлердин, авиациянын, артиллериялык ж. б. атма куралдар менен душмандын башкы топторуна күтүүсүз чечкиндүү сокку уруу үчүн жүргүзүлөт. Ядролук кол салуу куралдары, артиллерия, миномёттор, аэродромдогу самолёттор, жүрүшкө чыгууга же чабуул коюуга даярдалган танктар жана мотопехота, башкаруу пункттары, байланыш түйүндөрү, окдары жана күйүүчү май кампалары, ошондой эле душмандын чабуул коюучу күчтөрүнүн согушка жөндөмдүүлүгүн начарлатуучу ж.б. нерселер — контрдаярдыктын негизги объектилери.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]