Контрреволюция

Википедия дан

Контрреволюция – революцияга тикеден-тике каршы турган процесс; кулаган (же кулай турган) таптын социалдык революцияга каршы жасаган аракети. Контрреволюция күнү бүткөн коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү сактоого же кайра орнотууга багытталат. Айрым учурда революция Контрреволюциядан жеңилип да калат (мисалы, Германиядагы 1848–49-жылдардагы революция, 1871-жылкы Париж Коммунасы ж. б.). Эгер айыгышкан күрөштүн натыйжасында реакциячыл күчтөр талкаланса, революция толук жеңишке жетишет (Улуу Октябрь социалисттик революциясы, Куба революциясы ж. б.). Контрреволюция – коомдук жана мамлекеттик түзүлүштү жаңыртуу же сактап калуу жана согуш аракеттери менен революциянын жүрүшүн, жыйынтыктарын артка буруу же жок кылууга багытталган күрөш. Көптөгөн революциялык теориялар боюнча Контрреволюциянын же реакциянын күчтөрү кайсы чет өлкөлүк мамлекеттин таасиринде болсо, анын жардамы менен кайра бийликке келиши мүмкүндүк Контрреволюциянын куралдуу каршылык, жарандык согуш, кутум ж. б. формалары болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]