Контур

Википедия дан

Контур (французча  contour – көркөм сүрөт искусствосунда – көркөм сүрөттөө каражаттарынын бири катары фигура же предметтин (жана фигуралардын же предметтердин) сырткы сөлөкөттөрү. Бул маанисинде К. термини сүрөткө таандык, ал эми сөздүн кеңири маанисинде – көркөм сүрөт искусствосунун бүт түрлөрүн жана бардык техникалык ыкмаларын өз ичине алат. Так, туура К. менен мисалы, адам келбетинин мүнөзүн же анын түрдүү абалын баса көрсөтүүгө болот. К. түшүнүгүн натуранын өзүнүн ылайык келген жактарында да колдонсо болот, силуэт менен салыштыр. Графиканын бир түрү катары сүрөттө жана дегеле сүрөт техникасында сүрөттөлүп жаткан нерсенин маанилүү (көбүрөөк сырткы сөлөкөт-төрүн белги­лөөчү) линиялардын жыйындысы да К. деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]