Конус рефракциясы

Википедия дан

Конус рефракциясы - эки октуу кристаллдын грандарында жарык нурларынын сынышынын өзгөчөлүк-төрү.

Конус рефракциясы нурдун багыты эки октуу кристаллдын кандайдыр бир оптикалык огу – бинормаль же бирадиаль менен дал келген учурда байкалат. Бул учурда ар бир гранга түшкөн жарык нуру чексиз сандагы нурларга ажырап, чокусу нурдун сынуу чекити болгон конустун түзүүчүсү боюнча багытталат.

Конус рефракциясын 1832-ж. У.Р.Гамильтон теория жүзүндө, 1833-ж. Х.Ллойд тажрыйба жүзүндө ачкан.

Эки октуу кристаллдан кесип алынган пластинканын P жана Q грандары кристаллдын оптикалык окторунун бирөөнө перпендикуляр абалда алынды дейли. Эгерде P гранына перпендикуляр багытта О1 тунук эмес экрандагы кичинекей көзөнөкчө аркылуу поляризацияланбаган параллель жарык агымы түшсө, анда ички Конус рефракциясын байкаса болот. Бул учурда шоола О1 ден баштап пластинканын ичинде жумуру конус түрүндө тарайт. Жарык толкунунун сызыктуу поляризациясы конустун бир бөлүгүнөн башка бөлүгүнө чейин үзгүлтүксүз өзгөрүп турат (поляризациянын багыты, б. а. электрдик индукция векторунун термелүү багыты нурда чекит жана сызыкча м-н, ал эми S экранында сызыкча менен белгиленген).

Q чыгуу гранынан сынуунун натыйжасында шоола абада жумуру цилиндрди пайда кылат, ал цилиндр экранда жарык шакегин берет. Тышкы конус рефракциясын ушул эле пластинкадан байкаса болот. Ал үчүн кичинекей О көзөнөкчөсүн чачыраган жарык менен жарыктандырып Q чыгуу гранындагы түссүз экрандагы O2 тешикчеден абага кристаллдын ичиндеги багыты бирадиалга жакын болгон нурду чыгарсак, анда О2 ден тегиздик боюнча уюлдашкан нурдун шооласы чыгат. Бул нур чокусу О2 болгон жумуру конусту пайда кылат.

Сынууга чейинки багыттары бинормаль, бирадиаль менен толук дал келген анча көп эмес нурлар гана Конус рефракциясына дуушар болот. Багыттары аларга жакын болгон нурлар кыйла көп санда болушат да, кадимки эле кош сынууга дуушар болушат. Натыйжада Конус рефракциясынын ачык шакектеринин ичинде жана сыртында начар жарыктанган шакектерди пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]