Конушбаев Алмазбек Кадырбекович

Википедия дан

Конушбаев Алмазбек Кадырбекович (9. 5. 1950-ж. туулган, Суусамыр кыштагы) - жетекчи кызматкер.

Фрунзедеги политехникалык институтун бүтүргөн (1974). Жолдомо боюнча Уфа шаарына жөнөтүлгөн.

Ал жерде «Трест газ трубопровод» ишканасында начальниктин орун басары болуп эмгектенген (1974-84). Кыргызстанга келип Кайыңды шаарчасындагы автобазасынын директору, Аламүдүн кыштагындагы техникаларды тейлөө станциясында директор болуп иштейт. Андан кийин 1996-98-жылдары Жол транспорту жана коммуникация министрлигиндеги Темир жол башкармалыгында ФОБто (жүргүнчүлөрдү тейлөө фирмасында) начальник болуп эмгектенген.

Учурда жеке чарбасы менен алектенет. Жаманбай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9