Конушбаев Оболкан

Википедия дан

Конушбаев Оболкан (1932-ж. туулган, Кызыл-Ой кыштагы) - эмгек ардагери.

Эмгек жолун мектепти аяктаган соң, колхоздо иштеп баштаган. 1957-жылдан 1970-жылга чейин чабан болуп эмгектенип, андан кийин Москва районундагы «Дружба» колхозунун Суусамырдагы Кызыл-Ой бөлүмүнүн башчысы болуп бир нече жыл иштеген.

Бир нече жолу айылбашкармаларды даярдоочу курстарда окуган (1953). 1934-жылдары Фрунзе колхозунда (Кызыл-Ой) эсепчи, 1940-ж. Жумгал районунун ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер, райондук партиялык комитетте согуш шптери боюнча бөлүмдун башчысы, райкомдо инструктор (1948) болуп иштеген.

1948-52-жылдары Жумгал районунун « Кызыл Кыргызстан», 1954-жылдары Фрунзе атындагы колхоздордо башкарма болуп эмгектенген. «Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн» медалы менен сыйланган. Райондук, айылдык, областтык кеңештердин бир нече жолку чакырылыштарынын депутаты болгон. Кулуев Шабданбектин атасы. Жаманбай уруусунан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9