Конфигурация

Википедия дан

Конфигурация (латынча configuratio – формага келтирүү, жайгаштыруу) – сөлөкөт; буюмдардын өз ара жайгашышы. Инциденттүүлүктө (таандык болууда) бири-бири менен байланышкан чекит, түз сызык, тегиздиктердин чектүү көптүгү. Конфигурация тегиздик жана мейкиндик Конфигурациясына бөлүнөт. Тегиздик Конфигурациясы – ар кандай чекит бирдей сандагы g түз сызыктарына инциденттүү, тескерисинче, ар кандай түз сызык бирдей сандагы n чекиттерине инциденттүү болгон тегиздиктеги p чекиттери менен g түз сызыктарынын чектүү системасы. Эгер берилген Конфигурацияда чекиттердин минималдуу системасынан түгөйлөш түз сызыктарды жана түгөйлөш түз сызыктардын кесилишин инциденттөө жолу менен бардык Конфигурацияны алууга мүмкүн болсо, анда мындай система берилген Конфигурацияны түзүүчү система деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]