Конфискация
Көрүнүш
Конфискация (латынча confiscatio – казынага алып коюлган мүлк) – кылмыш кылгандыгы же башка укук бузуулары үчүн соттун чечими боюнча менчик ээсинин мүлкүн мажбурлап жана бекер алып коюу. Мыйзамдарда каралган учурда Конфискация административдик тартипте жүргүзүлөт. Бирок мындай чечим сотко даттанылышы мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9