Конформ геометриясы

Википедия дан

Конформ геометриясы - геометриянын өзгөртүүлөргө (конформдук чагылдыруу, б. а. бир бетти экинчи бетке чагылтуу) салыштырмалуу инварианттуу фигуранын касиеттерин изилдөөчү бөлүмү. Багыттар ортосундагы бурч Конформ геометриясынын негизги инварианты болуп эсептелет. Конформ геометриясы – чексиз алыстатылган (өздүк эмес) бир чекит менен толукталган евклиддик мейкиндикте аныкталган, сфераны сферага которуучу чекиттик өзгөртүүлөрдүн фундаменталдуу тобу бар геометрия. Бул мейкиндик конформ мейкиндиги, ал эми фундаменталдуу топ конформ өзгөртүүлөр тобу деп аталат. Конформ мейкиндигинде тегиздик чексиз алыстатылган чекит аркылуу өтүүчү сфера болот. Конформ геометриясынын аныктамасы ар кандай сандагы мейкиндик үчүн жарактуу. Эки өлчөмдүү мейкиндикте сферанын ордуна тегерек (айлана) жөнүндө сөз болот. Конформ өзгөртүүлөрүнүн жеке учурлары – кыймыл, окшоштук жана инверсия. Конформ геометриясыга математикалык анализ ыкмаларын (методдорун) пайдалануу конформ дифференциалдык геометриянын түзүлүшүнө алып келген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]