Конфуций окуусу

Википедия дан

Конфуций окуусу - Кытайдагы этикалык-саясий окуу. Байыркы Кытайда Чжанго доорунда Конфуций тарабынан негизделген.

Конфуций окуусу жөнүндөгү негизги булак - бул Конфуций жазма салты, биринчи кезекте «Төрт китеп», эсептелет.

  • 1. Дпюнэ - кызматкерлер үчүн көрсөтмө, Конфуцийдин окуучусу Цзен Цзи тарабынан жазылган.
  • 2. Чжун-юн (алтын ортолук). «Ортолук жана туруктуулук», Конфуцийдин небереси Цзы Сы жазган.
  • 3. Лун-Юй «Аңгемелешүүлөр жана ой-жүгүртүүлөр», Конфуцийдин өзү жана анын философ-окуучулары тарабынан жазылган.
  • 4. Мэн-Цзы, Конфуцийден жүз жылдан кийин анын жолун жолдоочу Мэн-Цзы тарабынан жазылган.

Бул китептердин ичинен эң башкысы «Лун-юй». Ал Цин империясы мезгилинде өрттөлүп, кийин үч вариантта кайра калыбына келтирилген. Азыр кабыл алынган тексти 20 главадан турат. Конфуций окуусуна ылайык коомдун структурасы, дүйнөнүн түзүлүшү сыяктуу эле, түбөлүктүү жана өзгөрүлбөйт, Ааламдын эркине ылайык алардын ар биринин өзүнүн ээлеген орду бар. Адамдардын бөлүнүшү: ыймандуулукка жөндөмү бар «башкаруучулар» - «чоңдор» жана «баш ийүүчүлөр» - «төмөнкүлөр», кара-таман эл, жаратылышынан ыймансыздар, «чоңдорду» багыш жана тейлөө үчүн кара жумушу аткаруучулар болуп бөлүнүшү - бул Асмандын эрки. Конфуций окуусунун өзүнө «Башкаруучу -башкаруучу, атасы - ага, баласы - бала болууга тийиш». Ата-энеге баш ийүү, улуу бир туугандарды урматтоо - бул адамгерчиликтен гана негизи эмес, бул социалдык баш ийүүчүлүктүн да негизи. Ата-энесин, агаларын урматтаган адам эч качан «чоңдорго» каршы сөз айтпайт. Баладай болуп баш ий, агаларың менен ынтымакта бол - мына ушунун өзү башкаруу болуп эсептелет. Конфуций жазма укукту кийирүүгө каршы болуп, башкаруунун байыркы салттарын жана ыкмаларын кайра жаратууга чакырган.

Конфуций окуусунда диндик-философиялык маселелерин Мэн Цзы (б.з.ч. 372-289 жж.) иштеп чыккан.

Анын көз караштары «Мэн Цзы» китебинде берилген. Ага ылайык адамдын тагдыры объективдүү зарылчылык катары адамдын өзүнөн көз каранды эмес. Адамдын жашоосу, жашоо күчү эркке баш ийдирилүүгө тийиш. «Эрк - башкы нерсе».

Мэн Цзы мындай деп түшүндүргөн: «Эгер сөздөр бир жактуу болсо, анда акылдын кирдегени. Эгер сөздөр жагымсыз болсо - анда акылдын аңга түшкөнү. Сөздөрдүн калптыгы - бул акылдын өз принциптеринен тайышы. Үч айлантып айтылган сөздөр - акылдын арыганын билдирет. Акылдуу болуп төрөлүш - бул башкарууга зыян келтирүү».

Мэн Цзы Асмандын Каары-Гэмин (Асмандын Эркинин өзгөрүшү) концепциясын иштеп чыккан. Буга ылайык күч колдонуу менен алмаштырылган бийлик - бул жогортон ылдый түшүрүлгөн жаза. «Асманда эки күн болбогон сыяктуу эле, элде да эки башкаруучу болушу мүмкүн эмес». Мэн Цзы окуусуна ылайык жердеги социалдык теңсиздик, мураска өтүүчү саясий бийлик ж.б. асмандын эрки менен болот. Жыйынтыктап айтканда Конфуций окуусу - социалдык жана экономикалык жактан азыраак камсыз болгон, төмөн жакта тургандарга карата «чоңдордун» аталык камкордугу катары, саясий илимге патернализмди түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8