Концентрациялык лагерлер

Википедия дан

Концентрациялык лагерлер (англисче concentration – «чогултуу, жыйуу» – 1) эл коргонуу үчүн колдонулган жай. Англия-бур согушу (1899–1902) мезгилинде лорд Китченер тарабынан түзүлгөн. Китченер өзү жүргүзгөн «жерди өрттөө саясатынан» бурлар, негизинен аялдар жана балдар сактанып, Концентрациялык лагерлерге жашынууга аргасыз болгон. Концентрациялык лагерлер 2 түрдүү болгон: жумушчу лагерлери (туткундардан жумушчу командалар түзүлгөн) жана жок кылуу лагерлери. 1919-ж. Советтик Россияда сүргүн системасын кеңейтилген. 1930-ж. өзгөрүлгөн ат менен Түзөтүү эмгек лагеринин башкы башкармалыгы (ГУЛАГ – «Главное управление лагерей и мест заключе́ния» деген аталыштын кыскартылышы) түзүлгөн. Сталиндик репрессия убагында 15 млнго жакын адам ГУЛАГга камалып, алардын көбү оорудан жана ачкадан өлгөн же атылып кеткен; 2) немецтик-фашисттик Концентрациялык лагерлер Германияда 1933-ж. гитлерчилер бийликке келгенден кийин, фашисттик режимге каршы чыккандарды куугунтуктоо үчүн түзүлгөн. 1934-жылдан Концентрациялык лагерлерди ССтин органдары башкарып жана коргоп турган. 1938–39-жылдары Концентрациялык лагерлер системасы фашисттик Германия басып алган өлкөлөрдө курулуп, ал өлкөлөрдүн элине каршы репрессия менен геноциддин куралына айланган. Газ камералары жана крематорийлер менен жабдууланган Бухенвальд, Заксенхаузен, Освенцим, Майданек, Треблинк ж. б. Концентрациялык лагерлерде СССР, Польша, Франция, Бельгия, Нидерланд, Чехословакия, Югославия, Румыния, Венгрия ж. б. өлкөлөрдүн 11 млндон ашуун жарандары жок кылынган. Учурда мурдагы Концентрациялык лагерлердин аймактарында музейлер, эстеликтер тургузулуп, тирүү калган туткундардын жолугушуулары болуп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]