Кончаловский (Михалков-Кончаловский) Андрей Сергеевич

Википедия дан

Кончаловский (Михалков-Кончаловский) Андрей Сергеевич (20.8. 1937-жылы туулган, СССР, Москва шаары) – орус режиссёру, сценарийчи, продюссер, публицист, РСФСРдин эл артисти (1980). С. В. Михалковдун уулу, П. П. Кончаловскийдин небереси, В. И. Суриковдун чөбөрөсү. 1957—59-жылдары Москва консерваториясында фортепиано классында окуган, 1965-ж. ВГИКтин режиссёрдук факультетин бүткөн. Алгачкы толук метраждуу режиссёрдук иши – Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин мотиви боюнча тартылган толук метраждуу «Биринчи мугалим» фильми болгон. Айыл турмушунун лирикалык драмасы жөнүндө «синема-верите» стилинде, ролдордун көпчүлүгүн кесипкөй эмес артисттер аткарган «Сүйүп калып турмушка чыкпаган Ася Клачинанын тарыхы» (1967, экранга 1987-ж. чыккан, Эл аралык кино фестивалынын (ЭКФ) сыйлыгы, Батыш Берлин, 1988; РСФСРдин мамлекеттик сыйлыгы, 1990) фильмин тарткан. Орус классикасын экрандаштырууда И. С. Тургеневдин романынын мотиви боюнча тартылган «Ак сөөктөр уясы» (1969) жана А. П. Чеховдун пьесасы боюнча «Ваня байке» (1971) фильмдери курч талаш-тартыштар жараткан. «Сүйүшкөндөр романсы» (1974), «Сибириада» (1979, 4 сериялуу) фильмдери Эл аралык сыйлыктарга татыган. 1980-жылдарда чет мамлекеттик жашап, Голливудда иштеген. Ошол жылдары «Мариянын ойноштору» (1984), «Поезд-качкын» (1985), «Уялчаак адамдар» (1987), «Гомер жана Эдди» (1989) фильмдерин тарткан. 1990жылдардын башында А. Кончаловский Россияга кайтып келгенден кийин «Жакынкы чөйрө» (1992, АКШ жана Италия менен бирге), «Чаар тоок» (1994, Франция менен бирге), «Акмактар үйү» (2002, Франция менен бирге, Венеция, ЭКФтин башкы сыйлык), «Жалтырак» (2007) фильмдерин жараткан. Өзүнүн көпчүлүк жана башка режиссёрлордун фильмдеринин сценарийлерине автор жана авторлош (Андрей А. Тарковский – «Ивановдун бала чагы», 1962; «Андрей Рублёв», 1966, экранга 1971-ж. чыккан; Ш. Айманов – «Атамандын ажалы», 1971, Казак ССРинин мамлекеттик сыйлыгы, 1972; Н. С. Михалков – «Сүйүүнүн кулу», 1976 ж. б.). «Ивановдун бала чагы», «Жиндилер соту», «Мен жыйырмадамын» («Ильичтин заставасы») фильмдерине тартылган. Ошондой эле «Бала жана көгүчкөн» (1962, кыска метраждуу, Е. К. Осташенко менен бирге, Венециядагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн ЭКФ сыйлыгы), «Сынган алча чырпыгы» (1982, Франция), «Солистка үчүн дуэт» (1986, АКШ), «Гейдар Алиев» (2005, даректүү) фильмдерин тарткан. А. Кончаловский опера жана драма спектаклдеринин да реж.коюучусу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]