Конъюгация

Википедия дан

Конъюгация (лат. conjugatio - биригүү).

1) Хромосомалардын конъюгациясы - мейоз учурунда жуп, гомол., хромосомалардын жакындап бири бирине кыналуусу, биригүүсү. Андан кийин хромосомалар кайчылашып, бирдей бөлүктөрүнүн (гендердин) алмашуусу - кроссинговер жүрөт.

2)Бактериялардын конъюгациясы - бактериялардын тукум куума материалдарын алмашуу жолу, башкача атйканда генетикалык материалды бир бактериядан экинчи бактерияга өткөрүү жолу. К. бактериялардын тукум куума материалдарынын байышына, жаңыча куралышына (рекомбинацияланышына) шарт түзөт. Ошондуктан, К. бактериялардын тукум куума өзгөргүчтүгүн жогорулашын камсыз кылуучу процесс.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]