Коомдук болмуш жана Коомдук аң-сезим
Коомдук болмуш жана Коомдук аң-сезим - марксизмдин социалдык философиясынын өзөктүү категориялары.
Аталган категорияларынын иштелип чыгышы коомдук турмушту жана анын тарыхын материализмдин позициясында түшүнүүгө мүмкүндүк берген. Алардын ортосундагы алака жалпы философиядагы болмуш жана материалисттик философиядагы аң-сезим категорияларынын ортосундагы алакага тең маанилеш.
Коомдук болмуш объективдүү, материалдуу жана аң-сезимге Караганда биринчи жана андан көз карандысыз болот.
Коомдук аң-сезим идеалдуу, экинчи, болмуштун туундусу жана болмуш аркылуу аныкталат. Бирок, коом табият менен ажырагыс биримдикте, ал эми адам табиятка да, коомго да таандык болгондугуна карабастан, Коомдук болмуш табияттын болмушуна тең маанилеш эмес. Табияттын болмушунан айырмаланып Коомдук болмуш адамдар тарабынан ишмердүүлүк процессинде түзүлөт жана алардын табиятка, бири-бирине болгон материалдык мамилелеринин жыйындысы болуп саналат. Коомдук болмушту табияттын болмушунан айырмалоо коомдун, коомдук мамилелер менен мыйзам ченемдүүлүктөрдүн, адамдын маңызынын сапаттык спецификасын илимий аныктоо үчүн принципиалдуу мааниге ээ. XX к. 60-80-жж. советтик адабиятта Коомдук болмуш «кеңейтилген түшүнүгү» кеңири жайылтыла баштаган да, ал түшүнүк өз кучагына надстройкалык түзүлүштөрдү, ал тургай кээде Коомдук аң-сезим да камтыган. Коомдук болмуштун мындай жобосу аталган көрүнүштөр коомдо гана жашайт деген пикирге негизделген. Бирок, социалдык реалдуулук жана Коомдук болмуш тең маанилеш түшүнүктөр болуп саналышпайт. Эгерде алар тең маанилеш түшүнүктөр катары карала турган болсо, анда Коомдук болмуш жана Коомдук аң-сезим түшүнүктөрү тарыхты материалисттик түшүнүү концепциясындагы, тактап айтканда «адамдардын аң-сезими алардын болмушун аныктабайт, тескерисинче, коомдук болмуш алардын аң-сезимин аныктайт» деген принциптеги аткарган теориялык функциясынан ажырашат. Коомдук болмуш менен Коомдук аң-сезимдин айкалышы тууралуу маселенин материалисттик маанайда чечилиши коомдогу себептик ж.б. маңыздуу байланыштарды теориялык түшүндүрүп, коомду социалдык детерминизмдин позициясында анализдөөгө мүмкүндүк берет. Коомдук болмуш менен Коомдук аң-сезимдин айкалышуусунун дагы бир маанилүү принциби болуп Коомдук аң-сезимдин коомдук болмуштан салыштырмалуу өз алдынчалуулугун таануу саналат. Бул принцип Коомдук аң-сезимди Коомдук болмуштан туунду катары алынган жөнөкөй жана пассивдүү рефлекс катары орой, вульгардуу түшүнүүнүн алдын алат.
Коомдук аң-сезимдин Коомдук болмуштан болгон көз карандылыгы татаал жана кыйыр мүнөзгө ээ, ал эми Коомдук аң-сезимдин өзү коомдук болмуш менен алака түзгөн жана ага таасир берген активдүү ишкер башат болуп саналат. Коомдук аң-сезим социалдык-философиялык категория катары Коомдук болмуш категориясы менен тыгыз байланышкан. Башка жуп категориялар сыяктуу эле алар бири-бирин аныктайт жана бири-бирисиз жашай албайт. Коомдук аң-сезим коомдук болмуш менен шартталган социалдык реалдуулукту чагылдырган коомдун рухий турмушу (саясий, укук, этикалык ж.б. теориялар, көз караштар, идеялар;
философия, мораль, дин ж.б. аң-сезим формалары) болуп эсептелет. Коомдук аң-сезим жеке аң-сезим менен тыгыз байланышкан, жеке аң-сезим аркылуу аныкталат жана ошол эле учурда андан маңыздуу айырмаланат. Аң-сезимдин мындай абалдары жалпы жана жеке түшүнүктөрүнө дал келет. Алардын ортосундагы айырмачылык коомдук негиз жана социалдык чөйрө менен шартталган. Эгер Коомдук аң-сезим үчүн мындай чөйрө болуп Коомдук болмуш гана эсептелсе, анда жеке аң-сезим Коомдук болмуштан сырткары таптардын жана социалдык катмарлардын турмуш шарты, улуту, үй-бүлөлүк жашоо шарты, идеялык чөйрөсү, б.а. адам жашаган чөйрөдөгү рухий, маданий жана информациялык кырдаалдар сыяктуу жагдайлар менен шартталат.
Коомдук аң-сезим өз ичине камтыган идеялар менен түшүнүктөрдүн көлөмү, байлыгы менен да жеке аң-сезимден айырмаланат. Коомдук аң-сезимдин структурасы эки деңгээлден жана алты формадан турат. Коомдук аң-сезимдин деңгээлдери болуп социалдык психология, эл массасынын кадыресе аң-сезими жана идеология, теориялык аң-сезим түзөт. «Биринчи» деңгээлде социалдык реалдуулук тике, стихиялуу чагылдырылса, «экинчи» деңгээлде мындай чагылуу концептуалдуу, теориялардын түрүндө болот да, ой жүгүртүү ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышат. Коомдук аң-сезимдин формаларына саясий жана укуктук көз караштар менен түшүнүктөр, мораль, искусство, дин жана философия кирет. Бүгүнкү күндө көпчүлүк авторлор бул тизмеге экономикалык, табият таануу жана математикалык, инженердик, медициналык, технологиялык, экологиялык ж.б. аң-сезимдерди киргизип жүрүшөт.
Айрым авторлордун пикири боюнча Коомдук аң-сезимдин формаларынын мындай өсүшү чындыкка дал келбейт. Анткени алардын санынын көбөйүшү Коомдук аң-сезимдин формаларынын калыптанышынын жана жашоосунун
- 1) алардын Коомдук болмуш менен шартталгандыгына;
- 2) алардын мазмунундагы идеологиялык деңгээлге;
- 3) алардын кандайдыр бир идеологиялык мамилелердеги негиз же булак катары ойногон ролу сыяктуу критерийлерине карты келет. Коомдук аң-сезимдин формалары, алардын спецификасы бири-биринен чагылдырган предмети, чагылдыруунун формалары менен ыкмалары, коомдук ролу боюнча айырмаланышат. Коомдук аң-сезим жана анын формалары коомдук болмушка карата белгилүү бир деңгээлдеги көз карандысыздыкка жана өнүгүүнүн өздүк мыйзам ченемдүүлүктөрүнө ээ.
Мындай өзгөчөлүктөр төмөнкүчө байкалат:
- 1) белгилүү бир идеялык традициялардын улануучулугу;
- 2) ар кандай формалардын өз ара таасир көрсөтүүсү;
- 3) Коомдук аң-сезимдин Коомдук болмуштун өнүгүшүнөн артта калуусу же андан озуп кетүүсү;
- 4) Коомдук аң-сезимдин жалпы адамзаттык элементтерди четке какпаган таптык жана идеологиялык мүнөзү;
- 5) Коомдук аң-сезимдин активдүүлүгү жана анын коомго, анын негиздерине тийгизген таасири.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8