Коомдук институт
Коомдук институт – адамдар ортосундагы ар дайым кайталанып жана пайда болуп туруучу мамилелер. Коомдук институт – иш-аракети конкреттүү коомдук функцияларды аткарууга багытталган адамдардын, топтордун, мекемелердин туруктуу топтому. Мисалы; үй-бүлө, мамлекет, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелери. Коомдук турмуштун 4 чөйрөсүнүн ар биринин өз институттары бар. Коомдук турмуштун чөйрөлөрү: 1) экономикалык – материалдык өндүрүш процессиндеги мамилелер (өндүрүш, бөлүштүрүү, материалдык байлыкты пайдалануу); экономикалык чөйрөгө тиешелүү институттар: завод-фабрика, банк, базар жана фирмалар; 2) социалдык – ар кыл социалдык жана жаш курактагы топтордун ортосундагы мамилелер; социалдык кепилдиктерди камсыздоо боюнча ишмердик. Социалдык чөйрөгө караган инттар: коммуналдык кызматтар, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык камсыздоо системалары, байланыш ишканалары ж. б.; 3) саясий-жарандык коом менен мамлекет, мамлекет менен саясий партиялар ортосундагы мамилелер. Саясий системага караштуу институттар: мамлекет, парламент, өкмөт, сот системасы, саясий партиялар; 4) рухий – рухий дөөлөттөрдү жаратуу, сактоо, таркатуу, пайдалануу процессинде пайда болуучу мамилелер. Рухий чөйрөнүн институттары: билим берүү, илим системасынын мекемелери, театрлар, музейлер.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9