Коомдук мамилелер

Википедия дан

Коомдук мамилелер – социалдык топтордун, элдердин, мамлекеттердин ж. б. адам бирикмелеринин ортосундагы туруктуу байланыштар. Алар адам ишмердүүлүгүнүн өндүрүштүк (экономикалык), социалдык, саясий чөйрөлөрүндө, маданияттын ар кандай түрлөрүндө пайда болот жана берилген конкреттүү коомдун спецификасын, анын сапаттык мүнөздөмөлөрүн, социалдык түзүлүшүн аныктайт.

Коомдук мамилелердин алып жүрүүчүлөрү болуп социалдык топтор эсептелет. Алардын индивидуалдык курамы өзгөргөн менен коомдук мамилелердин түзүлүшү сакталып кала берет. Ушундай белгиси менен коомдук мамилелер конкреттүү адамдарга таандык болгон жеке мамилелерден айырмаланат. Жеке адам өз алдынча эмес, кандайдыр бир иштемин аткарган коомдук топтун же социалдык институттун өкүлү (дыйкан, жумушчу, капиталист. Менеджер же чиновник, дипломат, профсоюздук ишмер, партиянын мүчөсү ж. б.) катары коомдук мамилелердин алып жүрүүчүсү боло алат.

Ар бир жаңы муун коомдук мамилелердин дүйнөсүндө туулат жана өз максаттарын турмушка ашыруунун жүрүшүндө коомдук мамилелерди мурдагы калыбында өзгөртпөй калтырат же аны түп-тамырынан бери өзгөртөт. Адамдардын ишмердүүлүгү коомдук мамилелердин системасында жүргүзүлөт, мамилелер ишмердүүлүктө жашайт. Мында коомдук мамилелердин ишмердүүлүк менен болгон байланышы кош мүнөзгө ээ. Бир жагынан коомдук мамилелер берилген коомдогу адамдардын эркине жана аң-сезимине баш ийбей пайда болгон ишмердүүлүктүн пландаштырылбаган, бирок, объективдүү детерминацияланган натыйжасы болуп саналат.

Өндүрүштүк-экономикалык, материалдык жана базистик коомдук мамилелер дал ушундай жол менен пайда болот. Экинчи жагынан коом же социалдык топтор (институттар) өздөрү кызыккан.
Мисалы: алардын мамлекет менен болгон белгилүү бир мамилелерди түзүүнү максат кылып алышат. Ушундай модель боюнча базистен көз каранды болгон надстройкалык, идеологиялык, экинчилик коомдук мамилелерден түзүлөт. Бирок, реалдуу жагдайларда алдын ала аныктоочу жана аныкталуучу коомдук мамилелер себеп менен натыйжа ордун алмашкан алакаларга чейин өсүп кетиши мүмкүн (мисалы: саясат экономикадан көз каранды, бирок, өз кезегинде саясат экономикалык процесстерге чечкиндүү таасир тийгизиши мүмкүн).

Коомдук мамилелер ишмердүүлүккө социалдык мүнөз берет жана ал үчүн конкреттүү социалдык мейкиндикти түзөт. Коомдук мамилелер ар бир социалдык топтун коомдук мамилелер системасындагы ордун аныктаган кызыкчылыктардын түрүндө көрүнөт. Адамдардын кызыкчылыктары бири-бирине шайкеш же карама-каршы келиши мүмкүн. Ошого ылайык коомдук мамилелер кызматташуу, тилектештик же бири-бирине такыр дал келбеген пикир келишпестик, конфликттик мамилелерден куралышы мүмкүн. Тарых бири-бирине карама-каршы турган коомдук топтордогу, таптардагы (кул жана кул ээлөөчү, феодал жана дыйкан, капиталист жана жалданма жумушчу) коомдук мамилелер дайыма тирешүүлөрдү, антагонизмдерди пайда кылгандыгын күбөлөйт. Мындай карама-каршылыктарды четке кагуу же чечүү коомдук мамилелерди өзгөртүүгө алып барат. Адам тарыхынын ар кандай замандарында, коомдук формациялар бири биринен коомдук мамилелердин тиби боюнча айырмаланышат.

Жаңы коомдук мамилелер пайда болуп жаткан өтмө замандарында эски коомдук мамилелерлер талкаланат, коомдук турмуш өзгөрөт, коомдо терең структуралык кайра өзгөртүп түзүүлөр жүрөт. Айрым учурда коомдук мамилелер өтө кеңири мааниде чечмеленет. Мындай маанайда коомдук мамилелер деп адам коомундагы гана эмес, жаныбарлар дүйнөсүндөгү (үйүрдөгү, топтогу ж. б.) мамилелер да мүнөздөлөт (этология, социобиология ж. б.). Албетте, жаныбарлардын ортосунда белгилүү бир мамилелер бар, бирок, аларды социалдык мамилелер деп айтуу опурталдуу. Анткени, үйүрдөгү мамилелер азык издөө, коркунучтардан коргонуу, көбөйүү сыяктуу биологиялык негизде түзүлөт.

Адам коомунда мамилелер табиятты өзгөртүп түзүүгө багытталган ишмердүүлүктүн, ошондой эле жаныбарлар дүйнөсүнө мүнөздүү болбогон рухий ишмердүүлүктүн негизинде пайда болот. Коомдук мамилелердин чегинде экономикалык ж. б. мыйзам ченемдүүлүктөр иштейт. Мындай мааниде коомдук мамилелер адам коомуна гана мүнөздүү көрүнүш.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8