Коомдук фонд

Википедия дан

Коомдук фонд – өз ыктыярдуу мүлктүк салымдардын негезинде жана/же юридикалык жактар тарабынан уюштурулган жана социалдык, кайрымдуулук, маданий, агартуучулук жана башка коомдук пайдалуу максаттарды көздөгөн, мүчөлүккө ээ эмес уюм. Анын уюштуруучулары тарабынан К. ф. берилген мүлктөр фонддун менчиги болуп саналат. К. ф. мүлктөрдү К. ф. уставында аныкталган максаттар үчүн пайдаланат. Уюштуруучулар өздөрү түзгөн К. ф. , ал эми К. ф. өзүнүн уюштуруучуларынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт. К. ф. 1 же бирнече укук жоопкерчиликтүү жеке жана/же юридикалык жактар тарабынан белгисиз же билгилүү бир мөөнөткө уюштурулушу мүмкүн. Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) укугу уюштуруучунун (уюштуруучулардын) укук мурасчыларына өткөрүлүп берилбейт. К. ф. түзүлгөндөн кийин мүлк берген киши уюштуруучунун укугуна ээ боло албайт. К. ф. нотариус күбөлөндүргөн керээздин негизинде түзүлүшү мүмкүн. К. ф. жетекчи органы анын уюштуруучулары жана/же катышуучулары тарабынан, болбосо К. ф. уюштуруучуларынын чечими менен түзүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]