Коопсуздук техникасы

Википедия дан

Коопсуздук техникасы - туура жана коопсуздук эмгек шартын камсыз кылуучу техникалык жана санитария-гигиеналык иш-чаралар менен каражаттар комплекси.

Администрация коопсуздук техникасынын жаңы каражаттарын киргизүү менен өндүрүштүк кырсыкка чалдыгууну болтурбоого жана жумушчу менен кызматчыларды кесип ооруларынан сактоочу санитария-гигиеналык шарттарды камсыз кылууга милдеттүү. Коопсуздук техникасы иш-чаралар ар бир ишкананын эмгекти коргоо кызматкерлери (Коопсуздук техникасы бөлүмү, бюросу, тобу) эмгек шартын, андагы технологиялык процесстер менен жабдууларды, кырсыкка чалдыгуунун жана кесип ооруларынын себебин (к. Кесип оорулары, Кесип зыяндуулугу) анализдөө менен иштеп чыгат. Ал эми тармактык эреже менен нормалар министерстволор, ведомстволор мамлекеттик санитариялык көзөмөл органдары менен биргелешипже профсоюздардын борбордук комитеттери менен эмгекти коопсуздандыруу стандартынын жалпы системасына ылайык макулдашылып бекитилет. Ишкананын администрациясы профсоюздун жергиликтүү комитети менен бирге коопсуз эмгек шартын камсыз кылууга чара көрөт. Администрацияга Коопсуздук техникасы боюнча жумушчу менен кызматчыларга инструктаж өткөрүү, ошондой эле эмгекти коргоо боюнча инструкциянын бардык талаптарын кызматкерлер так аткаруусун дайыма көзөмөлдөө жүктөлөт.

Иштин коопсуз ыкмаларын жумушчуларга үйрөтүү үчүн ишканаларда Коопсуздук техникасы боюнча окуу жана көрсөтмө каражаттар менен жабдылган дайыма иштөөчү кабинеттер уюштурулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8