Копо

Википедия дан

Копотопоним. Көкөтөйдүн чоң ашына даярдык көрө баштаган Бокмурундун көчү ашка союлчу койлорду 20 күнү К. жайлоосунда семиртет. Сагымбай Орозбаковдо: «Козу-Башы, Копого Кой көктөтүп ошого» (Сагымбай Орозбаков, 3. 31, 80) десе; Саякбай Каралаевдин варианты нда: «Козу-Башы, Копого Кой семиртип ошого» (Саякбай Каралаев, 2. 12),— деп айтылат. Эпостун Алтай тарапта өткөн башка окуяларында да туруктуу эскерилет. Географиялык реалияда Иле боюндагы өзөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4