Корбашы

Википедия дан

Корбашы - Кыргызстанда жана Фергана аймагынын башка бөлүктөрүндө ХХ кылымдын башында Кеңеш өкмөтүнүн орнотулушуна каршы куралдуу күрөш жүргүзгөн кыймылдын (басмачылык кыймылынын) кайсы-бир тобунун жетекчиси.

Совет доорунда бул сөз расмий тарыхнаамада терс гана мааниде колдонулган.

Ал эми пост-советтик доордо басмачыларды эскичил исламчыл күчтөр катары терс баалагандар да, өз элинин улуттук боштондугу үчүн күрөшкөн баатыр катары даңазалагандар да бар.

Басмачылык кыймылын ар тараптуу иликтегендердин бири - өзбекстандык диссидент окумуштуу, тарыхчы Баймырза Хайит болгон.

Ал 1995-жылы августта Кыргызстанга келип, сый конок болгон.