Коргол Досуев

Википедия дан
Коргол Досуев

Коргол Досуев (1890, азыркы Аксы району, Токтобексай кыштагы – 1962, Токтогул району) – төкмө акын, комузчу. Коргол комуз черткенди атасынан үйрөнүп, Ныязалы комузчудан таалим алган. Ырчылык өнөрү 14 жашында башталган. Токтогул Сибирден келгенден кийин аны менен бирге жүрүп, ырчылык, комузчулук өнөрүн өркүндөткөн жана андан «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Нуржан», «Кедейкан» аттуу дастандарды үйрөнгөн.

Корголдун ырлары («Эски заман», «Ак-Бакай», «Куйручукка жооп», «Терме» жана башка) кыскалыгы, сөздөрүнүн курч, таамайлыгы менен айырмаланат. Анын көп айтыштары, ар-ноолору, дин кызматкерлерин ашкерелеген сатиралык ырлары, термелери, сүйүү ырлары жана башка чыгармалары бар, Корголдон Токтогулдун «Алымкан», «Терс кайрык» жана башка ыр, күүлөрү жазылып алынган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети” Башкы редактор: Ү.А.Асанов, жооптуу редактор: А.А.Асанканов. Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н. Өмүрбеков.

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]