Коргошун сульфиди

Википедия дан

Коргошун сульфиди, РbS — коргошун менен күкүрт бирикмеси. Металл түстүү, кара-боз кристаллдар. Тыгызд. 7,59 г/см3, балкып эрүү 11114°С, кайноо 11281 °С. К. с.типтүү жарым өткөргүч. Сууда, суюлтулган тузда, Н2SО4 жана щелочтордо РbS эрибейт. Суюлтулган НNО3 жакшы эрийт. Абада ысытканда окистенип, сульфат түрүнө өтөт. Суутек менен 600°С Рb калыбына келет. Жаратылышта РbS минерал галенит (коргошун жалтырагы) түрүндө кездешет. Бул коргошун кендеринин негизги минералы. PbS сүрөт ишинде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]