Корго тоо

Википедия дан

Корго тооИчки Теңир-Тоодогу кырка тоо. Соңкөлдүн түш.-чыгышында.

Кажырты ж-а Жергетал сууларынын аралыгында түн.-батыштан түш.-чыгышка карай 22 кмге созулуп жатат. Туурасы 7–8 км. Орт. Бийикт. 2700–3200 м, эң бийик жери 3722 м. Кыры тайпак, түш.-батыш капталы кыска, Кажырты капчыгайына тик түшөт; түн.-чыгыш бети узун, жантайыңкы, кокту-колоттуу. Негизинен карбондун акиташ теги, доломит, конгломерат, гипс, сланец тектеринен турат. Тектон. жаракалар м-н тилмеленген. Талааж-а бадал-токойлуу шалбаалуу талаа (2700–2900 м бийиктикке чейин), субальп, альп шалбаасы (3200–3400 мге чейин) ландшафттары басымдуу; нивалдык алкак жокко эсе. жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2