Кордоо айтышы

Википедия дан

Кордоо айтышы – акындардын бири-бирин кордоп, мазактап, мыскылдап ырдашы. Мында бири-биринин жеке сапаттарын шылдыңдашкан, жерин, элин кемсинтишкен, уруу-уруктарын сындап, айтыш уюштурушкан. Арзымат менен жаш Токтогулдун, Барпы менен Бала ырчынын (Сыдык Алайчы уулу), Назарбай менен Барпынын айтышы кордоо максатында ырдалган. Назарбай Барпынын инсандыгын кордоп, минтип айтат:

Акмаксың, кедей, оолукпа,
Бир балаага жолукпа.
Таманың тилип кан алсам,
Анан, ачылып көзүң соолукпа.
Тойгонуңа торпоңдоп,
Сүйлөйсүң мага ороңдоп.
Өлүп кетсең мейлиге,
Жүрө бер, сокур, чолоңдоп.
Жумшайын сендей кулумду,
Төлөтүп алам пулумду.
(Барпы менен Назарбайдын айтышы)

Кордоо айтышы көбүнчө таптык мүнөздө болуп, байлык менен жокчулукка байланыштуу арбын аткарылган.

Мисалы: Байдын кызы менен жардынын кызынын айтышынан:

Менин атам сурасаң,
Дөөлөтүнө кубанат.
Сенин атаң сурасам,
Жалчы болуп суранат.
Менин апам сурасаң
Кийим кийип сыланат.
Сенин апаң сурасам,
Тезек терип, суу алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004