Кордоо ырлары

Википедия дан

Кордоо ырлары — кыргыз оозеки поэзиясында кездешкен каада-салт ырларынын бир түрү. Кордоо ырларынын пайда болушу жана өнүгүшү кыргыз элинин революцияга чейинки жашоо турмушу менен байланыштуу. Өзгөчө өткөн замандагы кыргыз калкынын уруучулук, феодалдык-патриархалдык турмушунда бири-биринен өктөмсүнгөн, өзүн жогору сезген уруу, анын манабы менен беги башка бир уруу, анын бек-болуштарын өздүк көз каранды ырчылар аркылуу кордотуп ырдатышкан. Ушуга байланыштуу кордоо ыры манаптардын кол ырчы, көз каранды ырчыларынын айтышында кеңири кездешет. Мындай ырчылардан тымызын таптык-социалдык күрөш жүргөн.

Мисалы: Баатыркан деген болуш бир топ адам менен эт жеп отурса, анын үстүнө Курманаалы ырчы кирип калат. Ошондо болуш ырчыны маскаралап бир сөз айтат да, ырдасаң сөөк беремин деп мазактайт. Ошондо Курманаалы Баатыркан болушту минтип кордоп ырдаган экен:

Бир сугунум чыкпаган,
Этиң менен куруп кал!
Карыганча түк чыкпайт,
Бетиң менен куруп кал!
Таза шумкар баласы,
Жыты сасык эт жебейт,
Жетесинде болбогон,
Тоймоюнча кел дебейт.


Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine



Колдонулган дабияттар.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004