Кореференттүүлүк

Википедия дан

Кореференттүүлүк (ко "бирдей", "бирдиктүү" деген маанидеги приставка, "бирдей окшош референттүүлүк") — сүйлөшүүдө (атооч сөздөр аркылуу) бир эле объектини, кырдаалды туюндуруу, б.а., туюнтмада бир эле референт айтылат. Мис., Апамдын сөзү жүрөгүмдө. Аны мен ыйык сактайм. Мында "сөзү" жана "аны" деген каражаттар бир эле референтти туюндурду.

Кореференттүүлүк лексикалык жана семантикалык кайталоолордон айырмаланат. Мис., Күүлдөгөн көл тынчтанды. Күркүрөгөн дайра тынчтанды. Карга карганын көзүн чокубайт. Мындагы "тынчтанды", "карга", "карганын", деген каражаттар референттүү эмес.

Кореференттүүлүк - тексттеги байланышты чындаган каражат. Кореференттүүлүктүн туюндурулушу, каражаты ар түрдүү. Мис., Банк уурдалды. Уурулар изин жашырып кетишти. Бул эки сүйлөмдүн байланышы Кореференттүүлүк аркылуу уюшулду. Анткени "уурдалды" деген этиштин субъектиси "уурулар".

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4