Корженевский мөңгүсү

Википедия дан

Корженевский мөңгүсүЧоң Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы эң ири мөңгү. Узундугу 22,5 км, аянты 89,1 км2. Кызыл-Суунун сол куймасы – Жанайдартак суусунун алабынан орун алган. Бутактанган тоо-өрөөн мөңгүлөрдүн тобуна кирет. Башы деңиз деңгээлинен 6210 м, этеги 3880 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 5000 м, абляциясынын аянты 23 км2. Ортоңку мореналар менен бөлүнгөн бир нече тармактарынын биригишинен түзүлөт. «Тилинин» учу калың морена менен текши капталган. Мөңгү Н. Л. Корженевскийдин ысымынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]