Кориандр

Википедия дан

Кориандр (Coriandrum) – чатыр гүлдүүлөр тукумундагы эфир майлуу бир жылдык өсүмдүк. Сабагы (бийиктиги 30–120 см) бутактанып өсөт. Жалбырагы ичке, жара тилик, гүлү ак же күлгүн, саргыч, чатырча топ гүлгө чогулган. Мөмөсү тоголок данча (экиден). Сортуна жараша данында 0,2–1,4% эфир 16–28% май заттары бар. Көп жерде эгилет. КМШ өлкөлөрүнүн Борбордук кара топурактуу аймагында, Волга боюнда, Кавказ жана Украинада өстүрүлөт. Вегетация мезгили 110–125 күн, уругу 8–10°С жылуулукта өсүп чыгат. Кориандрдын майынан парфюмерия, кондитер ж. б. өнөр-жай тармактарында колдонулуучу жыттуу зат алынат. Майы техникада да керектелет. Жаш өсүмдүгү менен мөмөсү татымал катары тамак-ашка (кинза) жана тоютка пайдаланылат. Зыянкечтери: Кориандр урук жегичи; илдеттери: бактериоз, ламуляриоз ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]