Коринфтик ордер

Википедия дан

Коринфтик ордер – грек системасындагы үч ордердин ичинен эң жеңили жана сымбаттуусу. Винченцо Скомоцци (1615) жана кийинки авторлордун айтканына ылайык К. о. эң жеңил деп эсептелинет жана ошого ылайык суперпозицияда жогорку орунду ээлейт. Бирок мурунку авторлор (Андреа Палладиону кошуу менен, 1570) К. о-ди композиттик ордерге салыштырмалуу оор деп эсептешкен жана ушуга ылайык анын суперпозиция менен анын пропорцияларындагы ордун аныкташкан. Коринфтик базаны эки торустун (үстүнөн жана астынан) ортосунда жаткан (валик менен салынган) эки скоция түзөт. Каннелюрлар жолчолорго бөлүнгөн. Коринфтик капитель өзүнүн барпайган кооз формасы менен айырмаланып турат: ал жалбырактар менен жабылган, бийик коңгуроодон жана анын үстүндө жаткан кооз профилденген абакадан турат. Архитрав вертикалы боюнча үч фасцияга бөлүнгөн: фриз, эреже катары, жасалгаланган үзгүлтүксүз тилкени түзөт, бирок кээ бирде анын чекелерин триглифтер менен бөлгөн варианты да колдонулат. Кооз карниз дентикулдар менен же көбүрөөк алынуучу плитаны кармап туруучу модульондор менен кооздолгон. Витрувийдин (биздин заманга чейин I к.) заманынан бери эле архитектуралык-теориялык трактаттарда коринфтик колоннаны сулуу кыздын образы менен түшүндүрүшөт (интерпретациялашат), ал эми ордер анын тазалыгы менен назиктигинин чагылдырылышы. Ошондуктан аны милдети боюнча символикалык мазмун менен тике же кыйыр байланышкан курулуштарда пайдаланышкан. Көп кабаттуу курулуштарда коринфтик жеңил ордер көбүнчө жогорку позицияны ээлеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]