Корозчо урушмай

Википедия дан

Шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 4—10 киши. Оюн аянтчада, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Катышуучулар экиден болуп бири бирин карашып турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар оң колдору менен оң буттарынын шыйрагынан, сол колдору менен белдеринин артынан оң колдорунун чыканактарынан кармашып, сол буттары менен секирип жүрүшүп, атаандаштарын желкелери, ичтери, төштөрү, көчүктөрү менен түртүшүп, алдашып тең салмактан чыгарышып эки буттарына тургузууга аракеттенишет. Оюнчулардын бирөөсү тең салмагын жоготкондон кийин, оюнчулар оң буттарында секирип жүрүшүп оюнду улантышат. Андан кийин оюнчулар атаандаштары менен алмашып оюнду кайрадан башташат. Ошентип, каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Кеп жолу атаандаштарын тең салмактарынан чыгарып, буттарына тургузган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чочоюп отуруп секирип жүрүп тең салмактан чыгарышуу.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдорду коюп жиберүүгө, тебүүгө, сүзүүгө, буту менен басып жүрүп оюнду улантууга болбойт.

Методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны көп болсо, аларды топ-топко бөлүп өткөрсө болот.

Педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күч, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, кыймылдарды так аткарууга, туруктуулукка үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]