Королдун сөзү

Википедия дан

"Королдун сөзү" (англ. ) - 2010-ж.чыккан Британиялык тарыхый драма. Режисеру Том Хуперге, сценарийи Дэвид Сейдлерге таандык. Колин Ферт кекечтенүүдөн айрылууга аракет жасап жаткан болочоктогу Корол Жорж IVнүн ролун жаратса, ал эми Австралиялык Лионел Логе сүйлөө жана тил терапевтинин ролун Жеффри Раш ойногон. Алар чогу иштешкендиктен жакшы достордон болушат,бир тууганы тактан баш тарткан соң, жаңы боло турган корол Логдон 1939-ж. Германияда болуп жаткан согуш тууралуу Британиянын декларациясын үн алгы тууралуу жарыялоо үчүн жардам сурайт.

2011-ж. 7-январында Улуу Британиядагы болуп өткөн алгачкы көрсөтүүсү "Королдун сөзү" тасмасынын эң башкы кирешеси жана критикалык ийгилиги болгон. Угуучулардын баасы боюнча чоңдорго гана тиешелүү тасма деп табылган, бирок кийинчерээк Улуу Британиянын таратуучулары жана сынчылары тарабынан кайрадан бааланып, кээ бир орой сөздөр АКШдагы көрсөтүлүүдө өчүрүлгөн. 8 млн фунт стерлинг бюджети менен, дүйнө жүзү боюнча 250 млн фунт стерлинг киреше тапкан (400 млн АКШ доллар). Көрүнүш стили, чебердик багыты жана актерлордун оюнуна карата чоң талкууга алынган. Башка комментаторлор болсо тасмадагы тарыхый белгилерди анын ичинде Уинстон Черчилдин оппозицияга болгон каршылыган баш тартуусунун чагылдырылышын талкуулашкан. Тасма көптөгөн сыйлыктарга жана аталмаларга татыган, анын ичинде Колин Ферт Алтын Глобус кино сыйлыгын тапшыруу аземинде жетинчи аталмадагы сыйлыкты, "Эң мыкты актер" деген наамды жеңген. Королдун сөзү Британия тасма сыйлыктарынын жети сыйлыгын жеңип алган. Алар: "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты актер"(Ферт), "Эң мыкты экинчи пландагы актер"(Раш), "Эң мыкты экинчи пландагы актриса" (Хелена Бонем Картер). Ошондой эле тасма "Эң мыкты тасма", "Эң мыкты режиссер"(Хупер), "Эң мыкты актер "(Ферт), "Эң мыкты сценарий" (Сайдлер) атту төмөнкү төрт аталмада Оскар сыйлыгын жеңип алган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]