Корольков Ярослав Иванович
Корольков Ярослав Иванович (2. 9. 1843, Россия империясы, Подольск губерниясы, Каменец-Подольск шаары – 1933, Кыргыз АССРи, Каракол шаары) – метеоролог, край таануучу, коомдук ишмер. Орус офицери (генерал-майор, 1902). Орус география коомунун анык мүчөсү (1889). Ал 1877–78-жылдары орус-түрк компаниясына (Болгарияны Түркиянын эзүүсүнөн бошотуу) катышкан. 1880-ж. Кыргызстанга (Караколго) кызматка которулган. Мында 20 жылча тоо батареясынын командири болуп, 1902-ж. отставкага чыккан. 1881-жылдан Теңир-Тоону географиялык жактан изилдөөгө активдүү катышкан. Кыргызстанда (Караколдо) 1-метеорологиялык станцияны ачып, анда 50 жыл бою байкоо жүргүзгөн. Күнгөйдөгү Чоң Ак-Суу мөңгүлөрүн (1899) изилдеген. 1907–08-жылдардагы саякатында Борбордук жана Батыш Теңир-Тоону аралап өткөн. Орус жана чет өлкөлүк илимпоздордун Теңир-Тоого жасаган экспедицияларына жардам берген. Жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта болуп, кыргыз элинин 1916-жылкы көтөрүлүшүндө падышачылыктын колониячыл саясатына каршы чыккан. Кыргызстандын табияты жөнүндө бир катар эмгектер жазган. Я. Корольковдун ысмынан Тескей Ала-Тоодогу мөңгү, Каракол шаарындагы көчө аталган.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9