Коронограф

Википедия дан
...

Коронограф – монохромат жарыгында Күн таажысын жана хромосфераны байкоо үчүн жасалган телескоп.

Б. Лио тутулуусуз коронографка бир линзалуу обьективдүү рефракторду колдонгон. Атмосфералык жарыктын чачыроосун азайтуу үчүн Лио өз куралын (коронографты) тоого жайгаштырып, ичине Күн дискасын жаап калуучу «жасалма айды» орноткон. Ушундай кошумча аракеттердин жардамы менен Күндү жасалма тутултуп, Күн таажысын сүрөткө тарткан.

Азыркы мезгилде Лионун идеясына таянып жасалган тутулуусуз коронографтар көптөгөн өлкөлөрдө Күн кызматынын программасын аткарат. Күн толук тутулганда коронографтын ордуна чыпкалоочу кадимки телескоптор колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов