Коросон

Википедия дан

Коросон — 1) курч, өткүр. Мисалы, К. кылыч; 2) күчтүү, күчү жетилген, ачуу. Мисалы, К. арак; 3) оттук. Мисалы, «Көкөтөйдүн ашына элдин келип түшкөнү» деген окуядагы: «Коросондон куу коюп, Коркурата бир соруп, Коңурбай түштү жүз миң кол» (Сагымбай Орозбаков, 3. 104) — деген ыр саптар К-дун оттук экендигин далилдейт. 4) койдун чечек оорусу да К. делген. Чечек оорусунун пири-колдоочусу Коросоната деп айтылган. Элде мурда Коросонатага сыйынуу, курмандыкка кой чалуу ырымы орун алган. Ошондуктан, эпосто «Коросонго кой айтып» (Саякбай Каралаев, 2. 128) деп К. касиеттүү күч катары да айтылат. К. кээде мыкты, чоң, баалуу деген мааниде да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4