Корректура

Википедия дан

Корректура (латынча correctura – оңдоо, жакшыртуу) – басмаканалык макалалардын грамматикалык, техникалык жана мазмундук каталарын оңдоо процесси; 2) басмаканалык терүүнүн оттиски. Байкалган каталарды белгилөө үчүн Клык белгилер колдонулат. Корректуранын басмалык түп нуска-макет боюнча окулма, басмаканалык жана репродукциялык басуу формаларынын Корректурасы деген 4 түрү бар. Корректуранын биринчи эки түрүндө терүүдө кетирилген каталар оңдолот. Басмалык Корректурада автордун, редактордун жана техникалык редактордун оңдоолору киргизилет. Репродукциялык басуу формаларынын Корректурасында текшерүү үчүн берилген бир түстүү оттисктер түп нусканын (кол жазма) өзү менен салыштырылат да, барактын четине басуу элементин күчөтүү же басаңдатуу керектиги белгиленип, басуу формасында оңдолот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]