Корреляция

Википедия дан

Корреляция (лат. correlation – өз ара-катыш) – илим менен техниканын түрдүү тармагында түшүнүктөр, предметтер жана функциялардын катышын, туура келүүчүлүгүн, көз карандылыгын белгилөөдө колдонулуучу термин. Математикалык статистикада — так функциялык мүнөзгө ээ эмес чоңдуктар (б. а. кокус чоңдуктар) ортосундагы ыктымалдык (статистикалык) көз карандылык. Корреляция функциялык көз карандылыктан айырмаланып, чоңдуктардын бири экинчисине гана көз каранды болбостон, бир катар кокус себепке да көз каранды учурда каралат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]