Кортрейк

Википедия дан
Кортрейк.

Кортрейк, Куртре – Бельгиядагы шаар. Фландрия регионунда, Батыш Фландрия провинциясында. Лейе дарыясынын жээгинде жайгашкан. Калкы 73,7 миң (2008; 3%ке жакыны чет өлкөлүктөр, агломерациясында 250 миң). Эл аралык аэропорту бар.

Рим тургун-жайынын ордунда негизделип, 1190-жылдан шаар. Шаардын башкы аянтындагы анча чоң эмес 5 мунаралуу вече коңгуроосу жана Ыйык Матвей саат мунарасы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Ратуша, чиркөөлөр, Синт-Элизабет бегинажы (христиан жетим балдар, жесир аялдар үчүн кечилкана сымал жай) ж. б. сакталган. Текстиль, химиялык, кагаз, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (зер буюмдар, тор токуу) өнүккөн. Католик университетинин кампусу, музейлер, театр бар. Дизайнерлердин эл аралык конкурстары өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]