Корум

Википедия дан

Корум, корум таштар – тоо беттериндеги жана чокуларындагы аскалардан чулу тектер талкаланып, тоо этектерине топтолгон шагыл таштар. Корум негизинен бийик жана орто бийик тоолордо кездешет. Корумдагы таштардын өтө чоңдору «төө таш», кой таш деп аталат. Кыргызстандын аймагында «корум», «корумду» сөздөрү катышкан геогр. аттар өтө көп; мисалы, Корум-Ашуу, Корум-Суу, Корумду (ашуу, тоо, чоку, суу, кыштак ж. б.), Кара-Корум ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]