Корумду мөңгүлөрү (Тескей Ала-Тоо)
Көрүнүш
«Корумду мөңгүлөрү (Чоң Алай кырка тоосу)» менен адаштырбаңыз.
Корумду мөңгүлөрү – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталында жайгашкан өрөөн жана татаал өрөөн тибиндеги 2 ири мөңгү. Тоң суусунун оң куймасы – Корумдунун башында. Жалпы узундугу 7,4 км, аянты 10,4 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4420–4460 м, этеги 3500 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3940–3960 м, абляциясынын аянты 2,0–2,6 км2. Мөңгүлөрдөн Тоң суусунун оң куймасы – Корумду суусу башталат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9