Коряк автономия облусу

Википедия дан

Коряк автономия облусу - Россия Федерациясынын субъектиси, Камчатка крайынын курамында. Камчатка жарым аралынын түндүгү менен ага чектеш жаткан материктин бөлүгүнөн жана Карага аралынан орун алган. Батышын Охота, чыгышын Беринг деңиздери чулгайт. Аянты 301,5 миң км2. Калкы 27,9 миң (2003). Административдик-аймактык жактан 4 районго, 2 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Палана шаарчасы. Ыраакы Чыгыш федеративдик округка кирет. Мамлекеттик бийликтин органдар системасы 1997-ж. кабыл алынган Коряк Автономия округунун уставы (негизги мыйзам) менен аныкталат. Мамлекеттик бийликти округдун думасы аткарат. Калкынын негизин орустар (62%), коряктар (16,4), украиндер (7,2) түзөт, ошондой эле чукча (3,6), ительмендер (3) да жашайт. Орустар православие, коряктар салт болуп калган динин тутат; протестанттар да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 0,9 киши. Шаар калкы 28%.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аймагынын көпчүлүк бөлүгүндө калктын жашоосуна жагымсыз. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Суулары балыкка жана деңиз жаныбарларына бай. Камчатка крабынын запасы уникалдуу промыселдик мааниге ээ. Таш көмүрдүн 2 кени иштетилүүдө. Платина, алтын жана күмүш казылып алынат. Региондук дүң продукциясынын көлөмү 3364,8 млн рубль. Андагы өнөр-жайыдын үлүшү 72%, айыл-чарбасыныкы 1,1%. Маанилүү өнөр-жай тармагы – тамак-аш (балык кармалып, беленделет; ири ишканалары: «Корякрыба» ЖАК, Усть-Хайрюзов балык консерва заводу), түстүү металлургия («Корякгеолдобыча»). Айыл-чарбага жарактуу жери 26,6 миң га (жер фондунун 1%тен азыраагы), анын ичинде 8%и айдоо аянты. Жылыткычтарда өстүрүлгөн жашылчачылык, ошондой эле аңчылык промысели өнүккөн. Бугу асыралат. Автомобиль жолунун узундугу 68 км. Пенжина дарыясында кеме жүрөт. Округда жалпы билим берүүчү 29 мекеме, 2 башталгыч жана орто окуу жайлары, музей бар. Бий жана фольклор ансамбли иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]