Косметика каражаттары

Википедия дан

Кометика каражаттары белгиленишине жараша гигиеналык, дарылык, профилактикалык, кооздук болуп бөлүнөт.

Кутуча,кометика каражаттары

Кометика каражаттарыдын түрлөру[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гигиеналык, профилактикалык, дарылык косметика каражаттарына тишти тазалоо, ооз көңдөйүн чайкоо, дене, баш, бет терисин күтүү үчүн зарыл заттар, терчилдикке каршы каражаттар кирет; кооздук косметикасынын каражаттарына упа, эндик, чач боёк, ооз боёк, кирпик боёгуч тушь, каш боёочу карандаш, тырмак боёочу лак жана башка кирет. Аларды парфюмерия өнөр жайы чыгарат жана атайын илим изилдөө лабораторияларда экспертизадан жана апробациядан өтөт.

Лосьондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лосьондор — дезинфекциялоочу, тазалоочу касиетке ээ суюктуктар. Алар тер, май, чаңды кетирип, терини сергитет. Лосьондор гигиеналык максатта, нормалдуу жана майлуу терини күтүүдө жана тери ооруларын дарылоо максатында колдонулат. Лосьондордун составында суу, спирт, глицерин, жыпар жыттуу, дезинфекциялоочу, сергитүүчү заттар, чөп маңызы, витамин, ширелер болот. Нормалдуу терини күтүүдө колдонулуучу лосьондорго «Бальзам», «Лилия», «Розовая вода», «Берёзовая вода», «Мёдовая вода» кирет. Майлуу терини күтүүдө «Старт», «Цитрон», «Флора», «Огуречный» жана башка колдонулат. Терчилдикти азайтуу жана тердин жытын кетирүү үчүн «Гигиена», «Финиш», «Ароматный» сунуш кылынат. Эркектер териси кургак же нормалдуу болсо, сакал-мурут алгандан кийин «Холодок», «Свежесть», териси майлуу болсо «Арктика», «Старт» жана башка лосьондорду колдонсо болот. Чымын чиркейлердин чагуусунан сактануу үчүн «Таежный», «Ангара» лосьондору пайдаланылат.

Бет майлар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бет майлар — жаныбар жана өсүмдүк майларынын, май сыяктуу заттардын, момдун, эмульгаторлордун жана суунун аралашмасынан даярдалган эмульсиялар. Май жана май сыяктуу 5аттар териге сиңип, аны жумшартат, сырткы жагымсыз таасирлерден жана бырыш кирүүдөн сактайт.

Бет май составы боюнча майлуу, эмульсиялуу жана атайын болуп бөлүнөт. Териге таасирин күчөтүү максатында бет майга биологиялык активдүү заттар (витаминдер, чөп, жемиш, жашылча), дары чөптөрдүн экстракты кошулат. Мисалы, А, Е витаминдери теридеги алмашуу процесстерин жакшыртып, теринин кургактыгын же майлуулугун азайтат. Витаминдүү мындай бет майлар:«Алёнушка», «Астра», «Витаминный», «Атласный», «Идеал», «Людмила», «Невский», «Утро», ошондой эле башка заттар да кошулган «Свобода», «Малахит», «Камелия» жана башка

Дары чөп, чөп, жемиш экстракты кошулган бет майлар: «Алоэ», «Биокрем», «Огуречное молоко», «Ромашка», «Росинка», «Флора», «Лада» жана башка Бет майларга дары заттар: күкүрт, теңге гүл (безеткини дарылоочу «Улыбка» бет майы, чачты түшүүдөн сактоочу «Особый» чач майы жана башка) да кошулат. Терини жумшартуу жана тазалоо үчүн суюк бет май — сүттөй эмульсиялар —«Ланолиновое молоко», «Миндальное молоко», «Огуречное молоко» жана башка, «Бархатный», «Дайле» жана башка бет май колдонулат. Аларды бетти самындап жууштун ордуна жана упа сыйпарда сүртүү сунуш кылынат.

Терини азыктандыруучу (нормалдуу, кургак жана майлуу тери үчүн) бет май да чыгарылат. Кургак тери үчүн азыктандыруучу бет майларга: «Алёнушка», «Вечер» (көз жапкактарына сыйпоочу), «Восторг», «Грёзн», «Лада», «Ланолиновый», «Люкс», «Нектар», «Питательный», «Ромашка» кирет. Нормалдуу жана майлуу тери үчүн «Земляничный», «Идеал», «Косметический», «Невский», «Росинка», «Снежинка», «Увлажняющий», «Улыбка» бет майлары сунуш кылынат. Өтө сезгич дүүлүкмө (кызаруу, түлөө) «Кристалл», «Лотос», «Миндальное молоко» бет майларын сыйпоо керек.

Бет майды таза бетке, моюндун терисине жука сыйпап, 30 минутадан кийин жумшак кагаз же ным кебез менен аарчып таштоо керек. Түнкүсүн бет май сыйпанып жатуу сунуш кылынбайт. Коргоочу бет майлар «Луч», «Щит» терини күнгө күйүүдөн сактайт, сепкил, так түшүүдөн алдын алуу үчүн сыйпалат. Алардын таасири 2— 3 саатка жетет. Колду ар кандай химиялык заттардын (кислота, жегич, түрдүү эриткичтер), суунун таасиринен жана башка сактоо үчүн «Велюр», «Защитный», «Крем для рук», «Силиконовый» майлары колдонулат. Бул бет майлардын составына теринин бетинде сактагыч плёнка пайда кылуучу атайын кошумчалар кошулат.

Атайын бет майларга бетти агартуучу («Весна», «Мелан», «Ахромин», «Чистотел»), чачты бекемдөөчү чач май («Особый») кирет. Бет майды күнүгө сыйпануу керек, бирок бир эле бет майды күндө сыйпаганда ага тери көнүп калат жана анын активдүү таасири бир айдан ашпайт, андыктан мезгили менен бет майдын түрүн алмаштырып туруу сунуш кылынат. Бет майды тери сызыктарынын багыты боюнча манжалардын учу менен этияттап сүйкөө жана аарчуу керек.

Бет май сыйпанып алып көчөгө чыгууга болбойт, анткени жайында бетте май катмарын пайда кылып, теринин дем алуусун кыйындатат, ал эми кышында бет майдагы суу бууланып терини үшүтөт.

Атыр самындар жана шампунь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атыр самындар жана шампунь . Атыр самын өсүмдүк майы (күн карама, пахта жана башка), синтездик май кислоталары, жыттуу заттар, боёктор кошулуп жасалат. Жуунганда атыр самын терини кургатышы да, дүүлүктүрүшү да мүмкүн. Ошондуктан анын жегичтик касиетин азайтуу үчүн кээ бир түрүнө жумшартуучу заттар (ланолин, спермацет жана башка) кошулат. Мындай самындарга «Косметическое», «Детское», «Спермацетовое», «Русский лес» жана башка кирет. Атыр самындын дарылоочу жана сезгенүүгө каршы, дезинфекциялоочу касиетке ээ атайын түрлөрү да чыгарылат. Мисалы, «Серное», «Дегтярное» жана башка Шампунь сапаттуу майлардан жасалып, ага спирт, суу, кастор майы, түрдүү активдүү заттар (дары чөптөр, витаминдер) кошулуп даярдалат. Ал жакшы көбүктөнүп, кирди таза кетирет. Керектелишине жараша нормалдуу кургак жана майлуу чач үчүн чыгарылат.

Суюк шампунда түрдүү майлоочу жана пайдалуу кошундулар бар беттик активдүү заттардын комплекси болуп, алар чачты кургатпай, бардык чачты жууй берүүгө болот. Аларга «Солнышко», «Жемчуг», «Лада», «Ивушка» жана башка кирет. «Москва» шампунун бардык эле чачка пайдаланса болот, ага майлоочу, сууда эрүүчү ланолин кошулуп, ал чачты кургатпай, жылтылдатат. «Желтковый» шампунунда атайын антисептикалык жана сезгенүүгө раршы кошунду, ошондой эле А, Д, Е витаминдерине жана баалуу минерал заттарына бай жумуртка майы болот. Бул шампунь чачтын түбүн бекемдейт. Нормалдуу, кургак жана кырчылма чачка «Арбат» шампуну пайдалуу. Андагы кастор майы баштын терисин азыктандырып, чачты ийкемдүү кылып, жумшартып коёт. «Элегия» жана «Спутник» шампундары да ушундай эле касиеттерге ээ.

Алардын тутумуна аминокислотасы жана витаминдери бар биологиялык активдүү комплекс кирет. Абдан таасирдүү шампундардын бири —«Лецитиновый», анда апилак жана фосфатид концентраты бар. Витаминге бай апилак менен айкалышып, фосфатиддер зат алмашууну күчөтөт да, чачка жакшы таасир тийгизип, жылтылдатат. Чач кургап кырчыла баштаса «Яблоневый цвет», «Зодиак» шампунун пайдалануу керек. Нормалдуу жана майлуу чачка тутумунда сууда эрүүчү ланолин жана резорцин антисептиги бар «Ремол» шампуну сунуш кылынат. Бул шампунь чачка какач түшүрбөйт. «Себорин» шампуну да какачты кетирет.

Балдардын чачын жууш үчүн «Малышам», «Мойдодыр» суюк шампундары, «Детский» коюу шампуну сунуш кылынат. Кир кетирүүчү каражаттарга көздүн былжыр челин дүүлүктүрбөй, ачыштырбай турган витаминдер, аминокислоталар жана башка атайын аралашма кошулуп, тери менен чачты кургатпоочу касиетке ээ. Бул шампундар менен башты шордуулугу ар кандай сууга, ал тургай деңиз суусуна да жууй берсе болот.

Упа[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Упа беттин терисин атмосферанын таасиринен (күн нурунун, температуранын кескин өзгөрүүсүнөн, нымдан) коргоо үчүн, ошондой эле кооздук максатта (бетти агартуу, жумшартуу, теринин кемчилдигин жымсалдоо) колдонулат. Упада тальк, каолин, жүгөрү крахмалы, цинк кычкылы, титан кычкылы, жыпар жыттуу заттар, боёк жана ар кандай атайын кошмолор (бет май, ири молекулалуу суу кошулган спирттер жана башка) бар.

Упа ар кандай өңдө: ак, дененин түсүндөй, мала кызыл, саргыч мала, кызыл (рашель), «күнгө күйгөн» сымал болот. Ал күкүм түрүндө, ныкталган, суюк жана бет май түрүндө (бет май-упа) чыгарылат. Тутуму жана керектелишине жараша кургак тери үчүн («Балет», «Жемчуг», «Бархатная», «Янтарь») жана майлуу тери үчүн («Гвоздика», «Ландыш», «Сирень», «Шипр», «Белая сирень») болуп айырмаланат. Суюк упа-тон (мисалы, «Тонак», «Жэме») күкүм упанын суу-спиртглицерин эритмесиндеги суспензиясынан турат.

Упа сыйпанарда бетти тазалап (к. Терини кутуу),тери кургак болсо бет майдан жука сыйпоо керек. Упа тери менен чачтын өңүнө, жыл мезгилине ылайык келип, жука, тегиз сыйпалууга тийиш. Ак жуумалдарга мала кызыл, күнгө күйгөн бетке саргыч упа жарашат. Саргыч, мала кызыл (Рашель) упаны кара тору аялдар колдонсо болот. Кээде ар кандай түстөгү упаны аралаштырып колдонууга да болот: кара тору териге рашель менен мала кызыл упаны теңме-тең аралаштыруу, ак жуумал териге ак упа менен рашелден бирдей бөлүк, мала кызыл упадан эки бөлүк аралаштыруу керек. Упа дайым жабык турбаса, ным тартып, тоголоктошуп, бетке жакшы сыйпалбайт. Упаны жыттуу заттарга жакын сактоого болбойт, анткени ал башка жытты оңой сиңирип алат.

Косметика каражаттары аялдын кийимине, жашына, мезгилине ылайык тандалат. Аларды өз орду менен ылайыктап колдонууга үйрөнүү керек. 17—20 жаштагы кыздарга косматика каражаттарыды пайдалануунун кажети жок, ыгы жок пайдалануудан аял өзүнүн жашынан кары көрүнөт. Боёнууда адегенде бетти таза жууп, күндүз сүйкөнө турган бет майды жаап, бир нече мүнөттөн кийин анын калдыгын косметикалык салфетка менен аарчып салып, суюк же кургак упа сыйпоо керек. Ак саргыл чачтуу же ак жуумал аялдар кашын күрөң, чачын кара, кара тору аялдар кара карандаш менен боёгону ылайык. 2—3 жумада бир жолу косметикалык кабинетке барып туруу сунуш кылынат. Көз жапкагына сыйпоочу боёк, кирпик боёочу тушь кийим, көз, чач, теринин өңүнө ылайык келүү керек,

Ооз боёк[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ооз боёк — эриндин терисин жумшартат жана аны сырткы чөйрөнүн (күндүн, шамалдын жана башка) таасиринен сактайт. Ооз боёк менен эриндин өлчөмүн жана көрүнүшүн өзгөртүүгө болот. Эгер ооз чоң болсо, орто жерин гана, кичине болсо эриндин үстүңкү бетин бүт бойдон, үстүңкү эрин калың болсо, астыңкы эринди толук, эриндер жука болгондо үстүңкүсү жазыраак боёлот, калың эринди энине жеткирбей ичкерээк боёоо.

Адегенде эриндин контурун чийип алып, анан боёгон жакшы. Түнкүсүн эринде калган боёкту бет май менен сүртүп салуу сунуш кылынат. Түрдүү түстөгү ооз боёктор чыгарылат. Анын түсү беттин терисине, көзгө, чачка, кийимге шайкеш келүүгө тийиш. Күндүз жана кечкисин түрдүү ооз боёк сыйпоо сунуш кылынат. Күндүзгү ооз боёк кечкиден ачыгыраак жана жумшагыраак тондо болуу керек. Ак жуумал аялдарга күңүрт түстөгү ооз боёк жарашпайт, ал улгайыңкы көрсөтөт. Кара тору аялдарга же күнгө тотуккан кезде ачык түстөгү ооз боёк сыйпанууга болбойт.

Кооздук, ошондой эле түссүз (гигиеналык) ооз боёктор чыгарылат. Түссүз ооз боёк эриндин терисин жумшартып, кургап же кесилип кетүүдөн сактайт. Боюнда бар аялдарга ооз боёк сыйпануу сунуш кылынбайт. Косматика каражаттарын ыгы жок көп пайдалануудан тери кургап, дүүлүгүп, кызарып кетиши мүмкүн. Мындай учурда косматика каражаттарын пайдаланууну убактылуу токтотууга туура келет (к. Терини күтүү).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8