Космос аппараты

Википедия дан

Космос аппараты – космос мейкиндигине учуп чыгуучу же мейкиндикте учуп жүрүүчү жабдуулардын (ракета алып жүргүч, космос ракетасы жана кемеси, автоматтык жана экипаждуу станциялар – Жер орбиталык жана планета аралык жасалма жандоочтор ж. б.) жалпы аталышы. Космос аппараты жерге жакын, орбиталык жана планета аралык; автоматтык жана учкуч башкаруучу Космоско учуучу аппарат болуп бөлүнөт. Атайын илимий-изилдөө аппаратура менен жабдылган Космос аппараты ар кандай багытта изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн космоско чыгарылат. «Спутник» деп аталган алгачкы Космос аппараты 1957-ж. 4-октябрда Советтер Союзунда учурулган. Кийин Космос аппараты Жер орбитасына, Айга, планеталарга учурулган. 1957-ж. ноябрда «Спутник-2» Космос аппаратында Лайка аттуу ит учурулган. 1961-ж. 12апрелде Ю. Гагарин «Восток» космос кемесинде учкан. Космос аппаратынын негизги өзгөчөлүктөрү – космоско учканда узак убакыт бою иштеши жана ошону менен бортундагы (борт аппараты) белгилүү жылуулук режиминин негизинде энергия алып, Жер менен радиобайланышын камсыз кылат. Экипажы бар Космос аппаратында космонавттардын жашоо тиричилигине, иштешине шарт түзүлгөн. Космос аппаратынын учуусу эки бөлүктөн турат: берилген багыт боюнча белгилүү ылдамдыкка жеткирүүчү бөлүк, чыгаруу бөлүгү жана орбиталык бөлүк. Космос аппаратына 8 км/секга жакын ылдамдык берүү үчүн көп баскычтуу ракеталар пайдаланылат. Жердин жасалма жандоочусунун ылдамдыгы биринчи космос ылдамдыгына барабар же ашыгыраак; планета аралык Космос аппараты экинчи космос ылдамдыгына ээ болот; ал эми үчүнчү космос ылдамдыгына ээ болсо – Күн системасынан чыгып кетет. Космос аппаратын Жерге ж. б. асман телолоруна кондурууда космостук ылдамдыкты нөлгө чейин төмөндөтүү – космоско учуу проблемаларынын эң татаалы. Космос аппаратын токтотуу эки түрдө болот: тормоздоочу реактивдүү күч аркылуу (Айга кондурууда); аппарат атмосферага киргенде пайда болуучу аэродинамикалык күчтүн жардамы менен (Жерге кондурууда). Космос аппараты атмосферада түшүп келе жатканда аэродинамикалык ысуу болот. Ошондуктан ысыкка чыдамдуу, жылуулукту начар өткөрүүчү материалдар (керамикалык негиздеги органикалык материалдар ж. б.) менен капталат. Ошондой эле Жерге жакындаганда кыймыл ылдамдыгын азайтуу үчүн парашют системасы колдонулат. Космос аппаратынын борт жабдуу комплексине: энергия булагы, жылуулук жөнгө салгыч, радиобайланыш жана радиотелеметрия, кыймылды багыттоо жана башкаруу, тиричилик камсыздоо, кондуруучу ж. б. системалар кирет. Биринчи Космос аппараты 1957-ж. 4октябрда учурулган. Космос аппаратынын аракет кылуу узактыгы 5–7 жыл жана байланыш аралыгы жүздөгөн млн км. 2000-жылдан тартып долбоорлонуп, «Союз» сериясындагы космос кемелерин «Клипер» Космос аппаратына алмаштырууга арналган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]