Космос кемеси
Көрүнүш
Космос кемеси – адамды жана керектүү каражаттарды космоско алып чыгуучу аппарат. Космос кемесинин негизинен жашоого мүмкүн болгон жылчыксыз кабинадан, Жерге кайтып келүүчү аппараттан, кондурууда жана манёвр жасоодо орбитасын өзгөртүүчү кыймылды башкаруучу түзүлүштөн турат. Жер орбитасында учуучу Космос кемеси – жандоочулар ал эми асман телолоруна учурулуучу планета аралык (экспедициялык) Космос кемеси деп аталат. Ошондой эле орбиталык станцияларга адам, жүк жеткирип, кайра алып келе турган транспорттук Космос кемеси бар, мисалы, «Восток», «Восход», «Союз», «Меркурий», «Жемини», «Апполон» ж. б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9