Космос нурлары

Википедия дан

Космос нурларыкосмос мейкиндегинде ылдамдыгы боюнча 100 000 км/сек дан жогору болгон заряддалган бөлүкчөлөр протон, электрон, ядролордун ар түрдүү багыттагы агымы.

Космос нурунун бөлүкчөлөрү Жердин атмосферасына киргенде азоттун жана кычкылтектин атомдору менен кагылышып, алардын бузулушуна алып келет. Натыйжада атмосферанын бөлүкчөлөрү-нөн экинчи түрдөгү космостук нурлар пайда болот. Экинчи түрдө Космос нурлары атайын жасалгаланган белгилөөчү аспаптар (иондоштурулган бөлүкчөлөрдү эсеп-тегич) же өзгөчө ядролук фотоэмульсиялар аркылуу белгиленет. Бул ыкмалар биринчи түрдөгү комостук нурлардын бар экенин айгинелейт. Биринчи түрдөгү космостук нурлануулар иш жүзүндө жер бетине жетпейт. Космос нурлары 90%тен ашыгын протондор, 7%ке жакынын α-бөлүкчөлөрү (Гелий атомунун ядросу), 2%ке жакынын Гелий элементинен оор элементтер жана болжол менен 1%ке жакынын электрондор түзөт. Өзүнүн жаратылышы боюнча Космос нурлары Күндүк жана Галактикалык болуп 2ге бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]