Космос плазмасы

Википедия дан

Космос плазмасы - космос мейкиндигиндеги жана космос объекти-лериндеги плазма.

Космос плазмасын изилдөө объектисине ылайык шарттуу түрдө төмөндөгүлөргө бөлсөк болот: плане-талык, планета аралык плазма, жылдыздардын жана жылдыз атмосферасынын плазмасы, квазарлардын жана галактикалык ядролордун плазмасы, жылдыздар аралык жана галактикалар аралык плазмалар. Космос плазмасынын көрсөтүлгөн типтери бири биринен өздөрүнүн параметрлери (орточо тыгыздыгы, бөлүкчөлөрдүн орточо энергиясы ж. б.) жана термодинамикалык абалдары менен айырмаланышат. Жылдыздардагы жогорку температура заттарды термикалык иондошууга дуушар кылып, плазма абалына өткөрөт.

Жерге жакын космос мейкиндигинде Космос плазмасы ионосфера плазмасы (~350 км бийиктикте, тыгыздыгы n~105 см-3), Жердин радиациялык алкагынын (n~107 см-3) жана магнитосферанын плазмасы катары каралат. Күн плазмасынын агымынын тыгыздыгы (n~1–10) см-3. Жылдыздар аралык жана галактикалар аралык мейкиндиктеги Космос плазмасысы эң кичине тыгыздык (n~10-3–10-4) см-3 менен мүнөздөлөт.

Күндү жана жылдыздарды тыгыздыгы сырткы бөлүгүнөн борборун көздөй жогорулаган Космос плазмасынын өтө зор чогулмасы катары кароого болот. Нормалдуу деп каралган жылдыздардын борборундагы орточо тыгыздык 1024 см-3. Массивдүү жылдыздарда Космос плазмасынын тыгыздыгы бир нече тартипке жогору. Космос плазмасы идеалдык газ катары каралат. Идеалдыктын шарты, сейректелген плазмада заряддалган бөлүкчөлөрдүн концентрациясынын өтө аз болгондугуна, ал эми жылдыздардын терең катмарларында жылуулук энергиясынын мааниси өтө чоң болгондугуна байланыштуу, автоматтык түрдө аткарылат.

Космос плазмасыдагы температуралык шкала жылдыздар аралык жана галактикалар аралык чөйрөдөгү эВтун үлүштөрүнөн тартып, пульсардын магнит-сферасындагы релятивисттик жана ультрарелятивисттик температураларга чейин созулат. Алыскы объектилердин Космос плазмасы оптикалык телескоптордун, радиотелескоптордун жардамында аралыктык спектрдик анализ ыкмасы, ал эми акыркы учурда рентген жана гамма-нурлар атмосферадан сырткары жандоочу телескоптордун жардамы менен изилденүүдө. Бул изилдөөлөрдө табигый процесстерди моделдештирүү үчүн радионурлануулар, заряддалган бөлүкчөлөрдүн агымы аркылуу планета аралык Космос плазмасына таасир беришет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]