Кострома

Википедия дан
Кострома.

КостромаРоссия Федерациясындагы шаар. Кострома облусунун административдик борбору. Волга дарыясындагы порт. Калкы 271,7 миң (2008). Темир жол бекети. Текстиль өнөр-жайынын (негизинен кебез-кездеме) көөнө борбору. Машина куруу («Мотордеталь», экскаватор, «Текстильмаш» ж. б.), жыгаччылык, химиялык, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр-жай ишканалары иштейт. Үч Жогорку окуу жайы, драма театр, тарыхый-архитектуралык музей-корук, көркөм-өнөр музейи бар. Богоявленский монастырь собору (16-кылым), Ипатьевский монастырь ансамбли (16–18-кылымдар), Воскресение чиркөөсү (17-кылым), классика стилиндеги ансамбль, соода катарлары (18-кылымдын аягы, 19-кылымдын башы), өрт каланчасы (мунарасы; 19-кылымдын аягы), гауптвахта (19-кылым) сакталган. Шаар 12-кылымда негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]