Костромитинов Борис Александрович

Википедия дан

Костромитинов Борис Александрович (1901, Перм ш. - 1990, Фрунзе) - педагог, тарбиячы, дирижёр, пианист. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1945).

  • Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1976),
  • 1919-ж. Пермдеги музыкалык окуу жайынын фортепьяно классында, аны бүтөр менен Уралдагы П. Чайковский атындагы музыкалык Техникумда окуган.
  • Бир эле мезгилде темир жолчулардын жумушчулар клубунда иштеген. «Алеко», «Евгений Онегин», «Аида» ж. б. опералардан үзүндүлөрдү коёт.
  • Музыкалык техникумду бүтөрү менен Свердловдогу Луначарский атындагы опера театрында С. Лемешев менен бирге иштешет. Свердлов областтык радиокомитеттинин оркестринде дирижёрлук кесипте эмгектенет.
  • 1937-ж. Фрунзеге келген. Кыргыз мамлекеттик Н. Крупская атындагы орус драма театрында коюлган 100дөн ашык спектаклдерди музыкалык жактан көркөмдөгөн. (мис., А. Чеховдун «Үч эже-синдилер», К. Маликовдун «Осмонкул», Ч. Айтматовдун «Кызыл жоолук жалжалым», В. Шекспирдин «Король Лир», «Азоого чалма» ж. б.)- Костромитинов спектаклдерди көркөмдөө менен бирге аларга музыка да жазган. Ал борбор шаардагы, айрыкча жогорку окуу жайларындагы өздүк көркөм чыгармачылыктын өсүшүнө өзгөчө зор салым кошкон.

Кыргыз мамлекеттик университеттин (азыркы Баласагын атындагы Улуттук университеттин) алдына 1954-ж. хор коллективин, «Элегия» аттуу вокалдык - аспаптык ансамблди уюштурат жана жетектеген.

Республикалык конкурстарда, фестивалдарда бир нече жолу лауреат болгон. Медалдар жана Ардак грамоталар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.